Өткөн доорду эске салган буюмдар

Совет доорундагы баалуу кымбат сааттар эми арзыбаган акча. Себеби, иштебей калган, тетиктерин гана пайдаланууга болот. 

Жайма базардагы сатуучулардын көбү орус тектүү жашы өтүп калган жарандар. Көбүнчө өз үй-тиричилигине пайдаланбай калган эски буюмдарын алып чыккандар, анан ортомчулук кылгандар да бар. 

Сатуучулар оокаттарын сатууга бийликтен жер сурап келебиз дешти. Бирок азырынча минтип көчө бойлой ар ким каалаган жерине соодасын кылат. 

Бу жактан китепти килограммдап алсаң болот. Детектив жанрынан мектепке керектүү китепке чейин сатылат.

Атактуу "Зенит". Кезинде эң мыкты фотоаппарат саналып, эсте калган далай кадрды тарткан. Эми өзү фотодо эстелик болуп калды. 

Бул жерде керектүү буюм издегендер көп...

Бураманын ачкычтары азыр дагы табылгыс буюм.

Күндөн коргоочу көз айнектер бүтүн, колдонууга жарайт. Бирок азыр муну эч ким тагынбаса керек...

Айылдан келген апа эски күмүш кашыктарды тандап алганы жатат. Ашкана буюмдарынын эскилери арзан баада болгондуктан атайын издеп келгендер бар.

СССР убагындагы драп шымдар, жылуу көйнөктөр...

Ак чайнекте көк капкак, көк чайнекте ак капкак.

Унаа каттамы тынбай жүргөн көчө боюндагы жайма базар кооптуу.

Уюлдук телефондордун каптары.

Акчага сатылган акчалар...

Чаң соргучтардын алгачкылары. Азыр иштебейт, мотору үчүн алышат.

Дүрбү азыр деле керектүү, айрыкча малчылар үчүн табылгыс оокат. Шаардыктар концерт же театрга барганда колдонсо болот.

Апалардын буюму. "Иштейт" деп ишендирет ээси. Ишенбесең иштетип көрсөтөт. 

Колунда барын капка тыгып, машинесине салып келген. Баасы чыкса тиги "Запорожецти" деле карматып жиберет. 

Көпчүлүк кызыгып караган мотоцикл. Май кымбаттаганы "ушундай алсамбы" деп ага кызыккандар арбыды.