Дүйнөдөгү эң улгайган эркек 111 жашта

Мындай күбөлүктү Сакари Момоиге 20-августта Гиннестин Дүйнөлүк рекорддор китебинин эксперттери тапшырды. Мурда химия мугалими болуп эмгектенген Момои июнда аны менен тең курактагы АКШ жараны өлгөндөн кийин дүйнөдөгү эң улгайган адам деп табылды.

"Киодо" жаңылыктар агенттигинин кабарлашынча, 1903-жылы 5-февралда туулган Сакари Момои балык жегенди жана китеп окуганды жакшы көрөт. Азыр Токиодогу карылар үйүндө жашайт жана дагы эки жылдык өмүрүм бар деген үмүттө. Гиннес Дүйнөлүк рекорддор китеби дүйнөдөгү эң кары аял деп, Жапониянын Осака шаарынын тургуну 116 жаштагы Мисао Окаваны тааныган.