Эл артисти Мунарбек Атагелдиев дүйнөдөн кайтты

Асанхан Жумакматов атындагы Мамлекеттик симфониялык оркестрдин концертмейстри, Эл артисти Мунарбек Атагелдиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аталган оркестрден кабарлашты. Маалыматка ылайык, Атагелдиевдин сөөгү бүгүн Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

65 жаштагы Мунарбек Атагелдиев 1971-жылдан бери симфониялык оркестрде эмгектенген.(BkA)