Ички иштер министрлиги автожүрүш өткөрөт

25-августтан 29-августка чейин өтө турган автожүрүш Ички иштер министрлигинин каза болгон кызматкерлерине арналат. Автожүрүш Чүй жана Ысык-Көл облусунун аймактарында өткөрүлөт. Иш-чара 25-августта Ички иштер министрлигинин Даңк мемориалына гүлчамбар коюу менен башталат.

Министрликтин маалымдоосуна караганда, автожүрүш кызматын аткарып жатып каза болгон милиционерлерди эскерүү жана жаштарды мекенди сүйүүгө тарбиялоо максатын көздөйт. (AiT)