Адистер токойлордо өрт коркунучу жогору экенин эскертти

“Кыргызгидрометборбор” ишканасы Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Токтогул, Аксы, Жети-Өгүз, Аламүдүн жана Нарын райондорундагы  токойлордо өрт чыгуу коркунучу жогору экенин билдирди. Буга күндүн ысышы жана чөптөрдүн куурашы себеп болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн Нарын районундагы Кичи-Орток тоосунда беш гектарга жакын жерде чөп жана бадалдар күйүп жатканын маалымдады.  Аны өчүрүү аракеттери жүргүзүлүүдө. Болжол менен 40 түп карагай күйүп кетти. 

Ошондой эле Жайыл районундагы Жол-Күрөк тоосунда да чөптөр күйүп жатат. 

23-августта Чүйдүн Арашан айыл аймагындагы Кара-Кыя тоосунда өрт чыгып, аны өчүрүү 5-6 күнгө созулган. Жалын 100 гектардан ашуун жерге жайылган. (SE)