Ооганстанда жанкечти алты адамды апаат кылды

Жалал-Абаддагы Улуттук коопсуздук башкармасынын жанында жанкечти жүк машинесин жардырып, андан алты адамдын өмүрү кыйылды. Кыркка жакын киши жабыркады. Жума күнкү бул окуяга жоопкерчиликти 30-августта аймактагы талиптер өзүнө алды.

Ал арада Ооганстанда прзиденттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу талаш-тартыш токтобой жатат. 14-июнда болгон шайлоо натыйжасы дагы эле чыга элек. Талапкерлер Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла экөө тең жеңгенин жарыялашкан. (SE)