Обама: Кыргызстандагы демократия жалпы регионго үлгү

АКШ президенти Барак Обама кыргызстандыктарды эгемендиктин 23 жылдыгы менен куттуктап жазган катында Кыргызстан тандап алган демократиялык жол бүткүл Борбор Азия үчүн үлгү экенин айтты. Обама куттуктоо телеграммасын бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин атына жиберди. Анда Кыргызстан демократиялык институттарды бекемдеген сайын АКШ тараптан колдоо улана берери жазылган жана эки өлкө ортосундагы кызматташтык токтобой турганы айтылат.

Майрамга байланыштуу кыргызстандыктарды куттуктап, Орусия, Кытай, Жапония, Өзбекстан, Армения, Түштүк Корея, Тажикстан, Индия, Иран, Украина, Казакстан, Швейцария, Польша, Германия жана Түркмөнстандын өлкө башчыларынан куттуктоолор келди. (SE)