Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун активдүү жаштарынын демилгеси менен бүгүн веложүрүш уюштурулду. Ага 150гө жакын улан-кыз катышты.
Сузактын жаштары район борборунан, Жалал-Абад шаарынын өкүлдөрү автобекеттен веложүрүштү баштап, эки топ калаага кире бериштеги чоң дарбазанын жанында жолугушту. Уюштуруучулар “Азаттыкка” кабарлагандай, иш-чара эгемендиктин 23 жылдыгына карата аймактар аралык достукту жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, сергек жашоого үндөө максатында өттү. Веложүрүшту уюштурууга жаңы түптөлгөн партиялардын бири көмөк көрсөттү. (SE)