Алжирдин түштүк бөлүгүндө бүгүн кулап түшкөн Украинага таандык Ан-12 үлгүсүндөгү жүк ташуучу учактын ичиндеги 7 адамдын баары каза тапты. Алжир өкмөтү алардын алтоо Украинанын, бирөө Орусиянын жараны экенин билдирди.
Украинанын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, “Украина-Аэроальянс” компаниясына таандык учак мунай иштеп чыгаруучу жабдыктар менен Алжирдин Таманрассет калаасынан Эквотариалдык Гвинеянын Малабо шаарына бараткан болчу.
Кыйроого техникалык мүчүлүштүк себеп экени божомолдонууда. (SE)