“Караларга” каршы күрөштүн мизи кайттыбы? (3)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

2011-жылы өлкө жетекчилиги уюшкан кылмыштуулукка каршы келишкис күрөш жарыялаган. Андан бери бир топ кылмыш топтордун лидер, мүчөлөрү кармалгандай болгону менен ошол эле учурда бошонуп кетип жаткандыгы дагы жашыруун эмес. Коомчулукта азыр “каралар” кайрадан баш көтөрүп, керек болсо ишкерлерге салык салып, партиялар аркылуу парламентке, бийликке келүүгө жан үрөп жатканы айтылууда. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн солгундашынын себеби эмнеде? Азаттыктын “Ынгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Талкууга ИИМдин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев катышты.