Кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү чек арадагы жол курулушу менен таанышууда

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү Баткендин Ак-Сай айылында жолугушту. Алар учурда чек арада талаш жаратып келаткан айланма жолдордун курулушу менен таанышууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Жеңиш Айдаров билдирди. Анын айтымында, кыргыз тараптан вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев баштаган топ, Тажикстандан өкмөт башчынын орун басары Муродали Алимардон баштаган расмийлер келди.

Тараптар Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жана Исфара – Ворух жолунун курулушуна жеринен күбө болушат. Ошондой эле Лейлек районундагы Кулунду – Максат жолунда эки көпүрөнүн курулушу да бүгүн башталат.

Быйыл жыл башынан бери Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык жолунун курулушуна тажик тарап каршы чыгып, чек арада бир канча жолу жаңжал чыккан. Өкмөттөр аралык ондон ашуун жолугушуулар болуп, августтун аягында тараптар жол куруу боюнча макулдашкан. (UEz)