Ирак парламентти өкмөткө добуш берет

Ирак парламенти бүгүн чогулуп, өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн Хайдер ал-Абадинин талапкерлигине добуш берет. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Селим ал-Жабри 7-сентябрда билдирди. Хайдер ал-Абадиге өкмөттү түзүү 11-августта Ирак президенти тарабынан тапшырылган.

Абади 10-сентябрга чейин жаңы өкмөттүн курамын бекитүүгө сунушташ керек. Эгерде ал ишке ашпаса, анда президент башка талапкерге өкмөт куроону тапшырат. (AiT)