Көчмөндөр оюндары: Кыргызстан алдыда

"Көчмөндөр оюнунун" баш катчысы Камчы Касымовдун “Азаттыкка” билдиришинче, азыркы күнгө чейин кыргыз күрөш, казак күрөш жана алыш боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Учурда көкбөрү, ордо, тогуз коргоол боюнча уланууда.

Оюн жыйынтыгында командалык эсепте Кыргызстандын курамасы алдыда келе жатат. Кыргыз спортчуларынын капчыгында 34 медал бар. Алардын ичинен 10 алтын, 13 күмүш жана 11 коло. Экинчи болуп жети алтын, жети күмүш жана алты коло медал менен Казакстандын командасы келүүдө. Ал үчүнчүлүктү Түркмөнстандын курамасы ээледи. Алардын капчыгында үч алтын медал бар. Төртүнчү орунда Тажикстандын спортчулары, бешинчи болуп монголдор келатат.

9-сентябрда башталган көчмөндөр оюнуна 17 мамлекеттен спортчулар келген. Оюндар 14-сентябрда жыйынтыкталат.(BkA)