"Ак булутка" айланган Асанкалый
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргыз эл артисти Асанкалый Керимбаевдин жүрөктү дирилдеткен обондорун сөз менен жеткирип айтып берүүгө мүмкүн эмес. Анын ыргактарында бирде жээкке урунууга келаткан деңиз толкуну элестесе, бирде өзүнө татыктуу аруу дүйнөнү издеп, кайдадыр учуп бараткан ак булут элестейт.