Бишкекте этнобий таймашы өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

18-сентябрда “Бишкек Парк” комплексинде кыргыздын байыркы бийлери боюнча таймаш өттү. Финалдык таймашта мыкты бий көрсөткөн "Жаз" жана "Санжыра" бий топторун калыстар мыкты деп тапты. “Бий battle” деп аталган иш-чаранын уюштуруучусу Самара Сагынбаева билдиргендей, анын максаты – улуттук этнобийлерди эл арасына жайылтуу жана өнүктүрүү. Таймашта “Кыргыз эл бий” сынагына катышып жаткан топтор тар чөйрөдө жарышуу менен даярдыгын көрсөтүштү. Таймашка “Санжыра”, ”Жаз”, ”Назик”, “Эксклюзив”, “Салимар” топтору жана кытайлык бийчи, манасчы Жусуп Мамайдын урпагы Тургунаалы катышты. Каалоочулар үчүн мастер-класс өткөрүлдү.