Москвада каза болгондордун тек-жайы аныкталууда

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Москвада батирде чыккан өрттөн каза болгон төрт адамдын экөөсүнүн тек-жайы аныкталды. Алар Ош облусунун тургундары: 26 жаштагы Урмат Токтосунов менен анын жубайы. Ал эми калгандарынын тек-жайы такталып жатат. Бул боюнча элчилик кызматкерлери иш алып барууда. Бул иштер бүткөн соң маркумдардын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Москва шаарындагы өрттөн төрт кыргыз жараны мерт кетип, алты киши жараат алды.(BkA)