Чукул эскертүү:
19-20-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: 20-сентябрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт.
Мындай аба ырайы автоунаа каттамын, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
20-21-сентябрда Талас, Кемин өрөөндөрүндө, Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында айрым жерлерде 0…-20 үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…-5 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жана жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
Аба ырайы:
20-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17,
Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 9...14,
Баткен облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6...11 күндүз 15...20,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 6...11,
Нарын облусунда түнкүсүн -3...-5, күндүз 8...13 болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 2…4, күндүз 13…15 градус болот.