Дүйнө лидерлери климаттын өзгөрүшүн талкуулайт

Лидерлер бул маселени Бириккен улуттар уюмунун алкагында талкуулашат. Уюмдун баш катчысы Пан Ги Мун 120дан ашуун өлкөнүн лидерлерин климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жаңы чараларды көрүүгө чакырды.

- Климаттын өзгөрүүсү -  өтө кыйынчылык менен жетишилген тынчтыкка, бакубатчылыкка, миллиарддаган адамдар үчүн жаралган мүмкүнчүлүккө  коркунуч туудурууда. Биз бүгүн дүйнө үчүн багытты белгилешибиз керек. Климаттын өзгөрүүсү биздин доордун тагдыр чечүүчү маселеси, - деди Пан Ги Мун.

Жолугуунун максаты – климаттын өзгөрүшүнө жана ага байланыштуу ар тараптуу келишимдерди иштеп чыгуу. Келишимдерге 2015-жылы Парижде жүздөн ашуун өлкө башчылары кол койот. (КЕ)