Төрага А. Жээнбеков М. Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу маселесин көтөрдү

23-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Британия парламентинин эки мүчөсү менен Бишкектеги жолугушууда Максим Бакиевди жана ал Кыргызстандан чыгарып кеткен активдерди кайтаруу маселесин көтөрдү. Британ парламентинин мүчөлөрү октябрь айында Кыргызстанга Британиянын юстиция министри келерин, бул маселе ошол учурда дыкат караларын билдирген. Кыргызстандын Британиядагы мурунку элчиси Кубан Мамбеталиев бийлик бутактарынын ыйгарым-укуктары так бөлүштүрүлгөн Британияда өкмөт жана парламенттин сотко таасири дээрлик жок экенин эскертти. (AiT)