Азиада: кыргыз футболчулары жеңилип калды

Жарым чейрек финалдын алкагындагы беттеш бүгүн болду.

Оюндун негизги убакыты 0:0 менен аяктап, кошумча берилген 15 мүнөттө иорданиялыктар 2 гол киргизди.

Ушуну менен кыргыз футболчулары Азия оюндарындагы мелдештерди жыйынтыктады.

Буга чейин Кыргызстандын олимпиадалык курамасы Иран менен 1:1 эсебинде ойноп, Вьетнамга 1:0го утулган.

Эгер бүгүн иорданиялыктарды жеңсе, чейрек финалга чыкмак.