Жапониядагы вулкандан онго жакын киши жабыркады

Жапониядагы Онтакэ тоосунда атылган вулкандан бери дегенде 30 альпинист жабыркаганын жергиликтүү маалымат булактары кабарлады. Бийлик ошол жерге жакын жашаган тургундарга коопсуздук чаралары тууралуу эскертти. Куткаруу кызматы тоодо жүргөн альпинисттерди алып түшүү чараларын улантууда. Маалыматка ылайык, вулкан атылган аймакта 100дөй альпинист болгон.

Онтакэ тоосунун бийиктиги 3067 метр. Жети жыл мурун да ал жерден вулкан атылган.