Гонконг бийлиги элди көчөгө чыкпоого чакырды

Гонконг администрациясынын башчысы Лян Чжэньин шаар тургундарын өткөн дүйшөмбүдө башталган нааразылык акциясына катышпоого чакырды. Ал ошондой эле шаардыктардан толкундоолор каптаган кооптуу райондордон чыгып кетүүнү суранды.

Полиция демонстранттарды калаанын борборуна өткөрбөө үчүн көчөлөрдүн баарына атайын тосмолорду орнотту. Массалык толкундоолор өткөн дүйшөмбүдө демократиялык реформаларды талап кылган студенттердин чакан акциясынан улам башталган.

Кийин студенттерге Гонконгдун ар кандай курактагы жашоочулары кошулуп, Бээжинден 2017-жылы Гонконгдо толук кандуу демократиялык шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Мурда мындай акцияларга жүздөгөн адамдар чогулуп келсе, бул ирет акцияга чыккан элдин саны миңден ашканы айтылууда.

Гонконг – Кытай Элдик Республикасынын административдик району, дүйнөдөгү каржы борборлорунун бири деп эсептелет.