Порошенко: Донбасстагы чатак тынчтык жолу менен гана чечилет

Бул тууралуу ал "1+1" телеканалына берген интервьюсунда билдирди. “Бул чыр-чатакты тынчтык жолу менен гана жөнгө салыш керек. Жаңжалды адам өмүрү аркылуу чечүү барган сайын абалды татаалдатып жатат”, – деди ал. Президент орусиялыктар тарабынан жалданып согушкандардын планын ишке ашырууга украиналыктар уруксат берген жок деп кошумчалады.

Минсктеги ок атышпоо келишиминен кийин жикчилдердин туткунундагы миңден ашуун украиналык жарандар бошотулган. (КЕ)