Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигиндеги ишенимдүү булактар кабарлады. Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдөгү Кумтөр кени жайгашкан аймактагы Сары-Мойнок ашуусундагы көчкү 29-сентябрдын кечинде түшкөн. Көчкү ал жакта жүргөн бир альпинистти басып калган. Учурда анын тек-жайы такталууда.
Сары-Мойнок Кумтөрдөгү алтын казылып жаткан аймакка кирбейт. Бирок ал жакта кен чалгындоо иштерин жүргүзүү мерчемделип келген.(BkA)