Полициянын маалыматына караганда, 2-октябрда Пакистандын түндүк-батышында Пешевардан Хангу шаарында жүргүнчү ташып бараткан автобус жарылып, кеминде жети киши каза болду. Дагы бешөө жараат алды. Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти ала элек.
Ал эми 1-октябрдагы чабуулда окуучу кыз каза таап, дагы эки кыз жаракат алган. Полиция белгисиз адамдар Хайбер-Пахтунхвадагы мектепке граната ыргытканын айткан. (КЕ)