Немис элинин кыргыз тарыхындагы орду

Көргөзмөнүн башкы максаты – Кыргызстандагы немистердин тарыхын жана алардын өлкөнүн экономикасынын жана маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымын жергиликтүү элге жана дүйнөлүк коомчулукка көрсөтүү.

Көргөзмөдө негизинен ХIХ – ХХ кылымдын экинчи жарымында Кыргызстан башынан кечирген тарыхый процесстер жана Кыргызстандын тарыхына салым кошкон немис элинин турмушу чагылдырылган.

Тарыхый булактарга таянсак, Орто Азияда алгачкы немис конуштары Түркстандын генерал-губернатору Кауфмандын колдоосу менен 1880-жылдардын башталышында пайда болгон.

Ошол мезгилде, тактап айтканда 1882-жылы жүз немис үй-бүлөсү Талас өрөөнүнө келип отурукташып, төрт айылды негиздеген. Кийинчерээк, 1925-жылы алардын кайсы бир бөлүгү Чүй облусуна көчүп келип, ал жерден орун-очок алып калган.

Немистер кезинде өздөрү менен кошо Кыргызстанга малдын мыкты тукумун, дандын, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жакшыртылган сортторун жана өз заманынын алдынкысы болуп турган дыйканчылык шаймандарын да ала келген.

Совет мезгилинде Кыргызстанда жүз миңдеген немистер болгон. Эгемендик жылдары алардын көбү тарыхый мекенине көчүп кетип, учурда республикада он миңдей этникалык немис жашап жатат.

Аталган иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган. Бул көргөзмө тарых музейинде үч айга созулуп, андан ары Ош, Жалал-Абад шаарында да өткөрүү пландалган.