Ажо тажик президентин туулган күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмонду туулган күнү менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында тажикстандыктар мамлекеттин баардык тармактарындагы ырааттуу өнүгүүнү жана мындан аркы гүлдөп-өсүүнү Эмомали Рахмондун ысымы менен байланыштыраары белгиленген.

Алмазбек Атамбаев Эмомали Рахмонго чың ден-соолук тилеп, анын Тажикстан элинин бакубатчылыгына жана өнүгүүсүнө багытталган мамлекеттик ишмердигине ийгилик каалады. 

Эмомали Рахмон  62 жашка толду. Ал Тажикстанды 1994-жылдан бери бакшкарып келе атат.   (TSh)