Бишкекте кыргыз-казак бизнес-форуму өтөт

Форум Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү алдында кыргыз жана казак ишкерлеринин ортосунда өнөктөштүктү бекемдөөгө көмөктөшүү максатын көздөйт. Бул тууралуу “Азаттыкка” иш-чараны уштуруп жаткан Соода палатасынын басма сөз катчысы Элиза Боталиева билдирди.

Анын айтымында, форумга тамак-аш, курулуш, дары-дармек, тоо-кен өнөр жай багытында иш алып барган 20га жакын казакстандык компания, кыргыз тараптан болсо 100гө жакын ишкананын өкүлдөрү катышат.

- Бул форум ушуну менен үчүнчү жолу өтүп жатат. Буга чейинки форумдар жемиштүү болгон. Мисалы, өткөн жылы 7 миллион долларга келишимдер түзүлгөн.

29-майда Евразия экономикалык шериктештигинин Астана саммитинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча жол картасы кабыл алынган. Анда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан жыл аягына чейин Бажы биримдигине кошулуу ниетин билдирген. (ZMa)