Көмүр сатып алуудагы өөнөмөйдү күч органдары текшерет

ИИМ, Экономикалык кылмыштарга каршы кызматы көмүр сатып алууда 10% акча өөнөлөт деген маалыматтын чын-бышыгын текшерет. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү органдар аталган маалыматты текшерип, өөнөмөйгө катыштыгы бар мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартат.

Эске салсак, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев 2-сентябрда өткөн өкмөт жыйынында Каржы министрлиги көмүр сатып алууга бөлүнгөн акчанын 10 пайызын өөнөп аларын айтып чыккан. Анткен менен Каржы министрлиги мындай маалыматты төгүндөп келет.(UEz)