Германия: консерваланган бадыраңдан героин табылды

Германиянын полициясы консерваланган бадыраңдын ичинен 330 килограмм  героин табышты. Анын баасы 50 млн. евро экени айтылды. Маңзатты сирия-ирак топтору ташып келатканы кабарланды.

Бул соңку жылдарда Германияда кармалган ири өлчөмдөгү маңзат болууда. Былтыр тиешелүү органдар бир жыл ичинде мыйзамсыз ташылган 270 кг. героин кармаган. (КЕ)