Жарандык активист Минскидеги фотокөргөзмөнү сынга алды

Жарандык активист жана укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Минскидеги Кыргызстандын өкүлчүлүгүндө өтүп жаткан 2010-жылдын 7-апрелдеги окуяга байланышкан фотокөргөзмөнү сынга алып, Беларустун Бишкектеги элчилигине нааразылык билдирди.

- Президент ошончо барып өлкөдөн качкан Курманбек Бакиевдин экстрадициясын талап кылбаганы туура эмес. Анан да апрель курмандыктарынын сүрөтүн илип, шоу кылып жатышат, - деди Токтонасыров.

Активист нааразылык акцияда “Лукашенко, Бакиев, Денисенко үчилтиги - кылмыштуу топ” деген жазууну көтөрүп турду. Токтонасыров көптөн бери Бакиевди мекенине өткөрүп берүүнү талап кылып, Беларус президенти Лукашенкону жана элчи Денисенкону айыптап келет.

Бүгүн, Беларус борбору Минскиде жайгашкан Кыргызстандын өкүлчүлүгүндө 2010-жылдагы 7-апрель окуясына жана Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу фотокөргөзмө ачылган.(UEz)