Нобель сыйлыгы француз экономистке берилди

Экономика боюнча Нобель сыйлыгы бул ирет француз экономисти Жан Тиролго берилди. Швед Падышалык илимдер академиясы жеңүүчүнү бүгүн жарыялады.

-Экономика илимдери боюнча сыйлык Тулуза-1 университетинин профессору Жан Тиролго ыйгарылат. Ал бул сыйлыкты "базардын күчү жана тескөө" боюнча анализдери үчүн алат, - деп билдирди Швециянын Падышалык илимдер академиясынын катчысы Стеффан Нормарк.

Жан Тироль быйыл Нобель сыйлыгын жеңген экинчи француз болууда. Мындан мурда Адабият боюнча сыйлык француз жазуучу Патрик Модианого берилген. (КЕ)