Республикалык балдар сынагынын жыйынтыгы боюнча көргөзмө ачылат

«Кыргызстан менин сүрөттөрүмдө» балдар сынагына өлкөнүн булуң-бурчунан 570 сүрөт жиберилген. Бүгүн башталчу көргөзмө Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата уюштурулган.

Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин төрагалыгы алдындагы калыстар тобу ар бир сүрөттү баалап чыкканы кабарланды. (ZMa)