Украинада улутчулдардын маршы өттү

Киевде, Харьковдо жана Одессада Экинчи Дүйнөлүк согуш маалындагы Украинанын козголоңчулар армиясы түзүлгөнүнүн 72 жылдыгына карата марш өттү. Акцияга 5 миңге жакын киши катышты, алардын ичинде «Азов» ыктыярчылар батальонунун жоокерлери жана башка улутчул маанайдагы уюмдардын өкүлдөрү бар.

Украинанын козголоңчулар армиясы 1942-1954-жылдары өлкө аймагында иш алып барган. Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда советтик аскерлерге жана нацисттерге каршы күрөшкөн. Согуш аяктагандан кийин армиянын бөлүктөрү советтик бийликке каршы күрөшүн уланткан. (ZMa)