Ички иштер министри Мелис Турганбаевге операция жасалды

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Мелис Турганбаевдин сокур ичегиси алынды. Министр 19-октябрь күнү Ош аймагынан жумушчу сапардан келаткан кезде, учакта ооруп баштаган. Учурда Улуттук госпиталда дарыланууда. (SE)