Театр корифейи 80 жашка чыкты

24-октябрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты, Эмгек Кызыл Туу орденинин лауреаты Сатыбалды Далбаевдин 80 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чара өткөрүлөт.

Аталган театрдан билдиришкендей, С.Далбаев театрда 60 жыл эмгектенип, 100дөн ашуун образды жараткан.

Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында туулган. Ал орто мектепти аяктагандан кийин 1952-жылы Москва шаарындагы мамлекеттик театр өнөрү институтун аяктаган. (ZA)