АКШ ооган туткунун соттойт

Ооганстанда кармалгандардын бири АКШга жеткирилет. Кабарларга караганда, Ирек Хамидулла 1979-жылдан 1989-жылга чейинки ооган согушунда Советтер Союзунун катарында болгон. Бирок андан кийин качып кетип, талибдерге аралашкан. Ал 2009-жылы колго түшүрүлүп, Баграмдагы базада кармалып турган.

Маалыматтарга ылайык, Хамидулла терроризм беренеси боюнча айыпталып, иши Виржиниядагы федералдык сотто каралат. (ZMa)