Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы алты кишинин өмүрүн жалмады

Ысык-Көлдүн Тоң районунда 23-октябрь күнү кечке жуук катталган жол кырсыгынан 6 адам мерт кетти, арасында бир бала бар. Жабыркаган 3 киши райондук ооруканага жеткирилген. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя саат 18:00гө жакын болгонун, “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен “Тойота” машинеси кагылышып кеткенин билдирди.