Кыргызстандагы украиндер да шайлоого катышты

Бул тууралуу Кыргызстандагы Украинанын убактылуу ыйгарым укуктуу өкүлү Николай Еремчук “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жашаган 160 украиналык добуш берүү укугуна ээ. Алардын басымдуу бөлүгү борбор калаа Бишкекте, калгандары аймактарда жашашат.

26-октябрда Украинада Жогорку Радага кезексиз шайлоо өттү. Шайлоого 29 партия катышты.