Бишкекте үй-жайсыз адамдарга баш калка берилет

Аба-ырайынын кескин төмөндөп кеткенине байланыштуу борбор калаанын бардык райондорунда үй-жайсыз, көчөдө түнөп жүргөн адамдарга атайын башпаанек уюштурулууда. Эл арасында “БОМЖ” деп аталган бул адамдар суук мезгилде жылуу жатак менен камсыздалып, алар үчүн күнүнө бир маал ысык тамак уюштурулуп турмакчы. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Свердлов, Октябрь, Ленин жана Биринчи Май райондорунда 200дөн ашуун кишиге эсептелген башкалка жайы 28-октябрдан тартып, үй-жайсыз адамдарды кабыл ала баштайт.

Башпаанек жайларга медициналык жана милиция кызматкерлери бекитилген. Ошондой эле тургундарга мончо, чачтарач уюштурулуп, төшөнчү менен камсыз кылынары айтылууда. Ленин районунда “Кайрымдуулук” борбору үй жайсыз балалуу аялдар үчүн бир маал ысык тамагы менен түнөк бермекчи.

Биринчи Май районундагы үй-жайсыздар үчүн ачылган “Коломто” муниципалдык мекемеси 1998-жылдан бери иштеп келатат. 70 кишиге ылайыкталган мекемени каржылоо үчүн Биринчи май райондук администрациясынын бюджетинен 3 млн. 54 миң сом бөлүнгөн.

“Коломто” убактылуу түнөп кетүүнү каалаган, ошондой эле социалдык коргоо, тез жардам, милиция кызматтары же жергиликтүү бийлик тарабынан жиберилген үй-жайсыз адамдарга түнөк берет. Андагыларга акысыз тамак берилет, медициналык кароодон өтө алышат, муктаждары кийим-кече менен камсыз болушат. Мындан тышкары “Коломтодо” үй-жайсыз адамдарды социалдык, дарылануу жана башка тиешелүү жактарга бөлүштүрүүгө да шарт түзүлгөн.(ZKo)