Нарында жер титиреди

Бүгүн Нарын облусунун аймагында күчү үч баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Нарын шаарынан 55 чакырым түндүк-батыш, Сары-Иймек айылынын 20 чакырым чыгышта жайгашкан.

Алдын ала маалымат боюнча, адам өмүрүнө зыян келген жок. (BkA)