Өкмөт 5-октябрды мугалимдердин кесиптик майрамы деп бекитти

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон токтомго ылайык, мындан ары жыл сайын 5-октябрь мугалимдер күнү деп саналат.

Буга чейин Кыргызстанда мугалимдер күнү октябрь айынын алгачкы жекшембисинде белгиленчү.

5-октябрь жүздөн ашуун өлкөдө мугалимдер күнү деп белгиленет.(ZKo)