Орусиялык активист Аркадий Галкерге акчалай айып салынды

Нижний Новгород шаарындагы активист Аркадий Галкерди райондук сот 27-апрелде анти-аскердик акцияда мыйзам бузган деп 10 миң рубль айыпка жыкты. Бул тууралуу активист "Азаттыктын" орус кызматына маалымдаган.

Активист бул чечимдерди өз ишмердүүлүгү менен байланыштырат.

27-апрелде Аркадий Галкерди полиция Нижний Новгороддо өтүп жактан акцияда кармап кеткен. Анда Аркадий “Путин, Украинадан жогол!” деген жазуу менен Гитлердикине окшош мурут тартылган орус президентинин сүрөтүн кармап турган болчу.