Коргоо кеңеши чек ара маселесин жабык талкуулоодо

Баткендин Көк-Таш айылы кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин. 8-май, 2014.

Коргоо кеңеши өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу маселени жабык кароого киришти. Бүгүнкү жыйында анын алдында 2014-2020-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынган.

Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы менен Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйындын күн тартибине 2014-2020-жылдарга дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү, өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу тууралуу маселелер коюлган. ( TSh)