Нью-Йоркто Дүйнөлүк соода борбору кайра ачылууда

"Эркиндик мунарасынын" көрүнүшү. 2011-жылы тартылган сүрөт.

“Эркиндик мунарасы” деп аталган 104 кабаттуу имаратка алгачкылардан болуп Conde Nast  деп аталган басма компаниясы кирүүдө.

2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулда 2700 адамдын өмүрү кыйылган жерге курулган имаратка Дүйнөлүк соода борбор-1 деген дарек  ыйгарылган.

Бийиктиги 524 метр келген, курулушуна 3,9  миллиард  доллар сарпталган “Эркиндик мунарасы” АКШдагы эң бийик имарат болуп калды.

Имаратка ээлик кылган Нью-Йорктун жана Нью-Жерсинин бийликтери Дүйнөлүк соода борбордун он үч жылдан кийин кайра  ачылышын өтө маанилүү окуя катары сыпатташууда. ( UE)