Голландиялык белгилүү сүрөтчү Винцен Ван Гог өлүмүнөн бир апта мурун тарткан “Вазадагы гүлдесте” аттуу натюрморту Нью-Йорктогу аукциондо 61 миллион 800 миң долларга сатылды. Адистер сүрөттү 30-50 миллион доллардын тегерегинде бааланат деп божомолдогон эле.
Ван Гог бул чыгармасын 1890-жылы жеке дарыгери Пол Гашеттин Франциядагы үйүндө тарткан. (SE)