Кыргыз-тажик жаштар ынтымагынын фестивалы өтүүдө

Бүгүн Ош жана Баткен шаарларында кыргыз-тажик жаштар ынтымагын бекемдөөгө арналган фестивал башталууда. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен кабарлашты. Иш-чарага коңшу өлкөдөн жүздөн ашуун адам катышат.

Чек арада жашаган эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, түрдүү чыр-чатактарды алдын алуу максатында уюштурулуп жаткан бул фестивалдын ачылышы Ош шаарында өтөт.

Жер жана суу талаштын айынан кыргыз-тажик чек арасында соңку кезде ар кандай чыр-чатак көп катталууда. (RK)