Ички иштер министринин орун басары дайындалды

Нурбай Касымбаев ички иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Мындай буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев 17-ноябрда кол койду. Полковник Касымбаев буга чейин аталган министрликтин кадрлар башкармалыгын жетектеп келген.

Өткөн аптада министрдин мурдагы биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев өз арызы менен кызматтан кеткен. (BkA)