Москва арбитражы “Аврора-Грин” боюнча Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарды

Москва Арбитражы Ысык-Көлдөгү “Аврора-Грин” панисонаты боюнча Москва Соода-өндүрүштүк палатасынын алдындагы арбитраж мурдагы чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, буга чейин аталган арбитраж «О.К.К.В» компаниясынын пайдасы үчүн кыргыз өкмөтүн 2 миллион 300 миң доллардан ашык доого жыккан. Анда пансионат 2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң мыйзамсыз улутташтырылган деген жүйө келтирилген.

Бирок Москва арбитражы мындай ишти Соода-өндүрүштүк палатанын кароого ыйгарым укугу жок экенин билдирүүдө.

“Аврора-Грин” панисонаты 2010-жылы Апрель окуясынан соң мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнө таандык деген жүйө менен мамлекет менчигине алынган эле. Бирок пансионат кожоюнубуз деген «О.К.К.В» ишканасы баштаган бир нече ишкер бул чечим мыйзамсыз болгонун айтып, сотко кайрылып келген. (BkA)