Орусияда 550 миңден ашык кыргызстандык иштеп жүрөт

Бул тууралуу Орусиянын Федералдык миграция кызматынын сайтында айтылат. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын 5-ноябрына карата Орусиянын аймагында 552 014 кыргызстандыктын иштеп жүргөнү аныкталган. Алардын ичинен 220 миңге жакынын аялдар түзөт.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстандын 2 миллион 335 миң, Тажикстандын 1 миллион 100 миң жараны иштеп жүрөт. (BkA)